Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Обама Путин менен жолукпайт


Сентябрь айында Москвада белгиленген эки президенттин жолугушуусу болбойт. Бул тууралуу Associated Press Акүйгө таянып билдирди. Буга биринчиден АКШ тыңчы деп айыптап жаткан Эдвард Сноуденге Орусия башпаанек бергени себеп болсо, экинчиден Орусияда демократиядан чегинген кадамдар жүрүп жатканы негиз бергени айтылат. Жолугушууга келбесин жарыялардан аз убакыт мурда Обама НБС телеканалына сүйлөгөндө “Сноуден чечими АКШ-Орусия мамилесин татаалдантты” деп айткан:

-Көңүл калды болду, анткени Орусия менен экстрадиция келишими жок болсо да, буга чейин биз мыйзам бузгандар боюнча кызматташууга аракеттенчүбүз. Орустар мындай кылган жок. Бул да болсо, биздин Орусия менен акыркы кездеги кыйынчылыктарыбыздын айрымдарынан кабар берет.

Ошол эле учурда Обама Санкт-Петербургда өтүүчү өнүккөн жыйырма өлкөнүн чоң жыйынына катышуудан баш тартпаганы да айтылууда. АКШ президентинин мындай бүтүмүн Кремл өкүнүч менен кабыл алганы кабарланды. Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков жолугушуудан баш тартуу “АКШ тең укуктуу негизде мамиле кылууга даяр эместигин көрсөтүп турат" деп билдирди.

Ошентсе да расмий Вашингтон АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана коргоо министри Чак Хагелдин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушуусу 9-августта болорун кабарлады. Алар 2+2 форматында АКШ-Орусия кызматташтыгынын бардык маанилүү маселелерин талкуулашат.

XS
SM
MD
LG