Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Бишкекте айт намазы окулду


Бүгүн Кыргызстанда мусулмандардын ыйык Рамазан айы бүтүшүнө байланыштуу Орозо айт белгиленүүдө. Эртең менен өлкөнүн бардык аймактарында Орозо айт намазы окулду. Бишкектеги айт намазы адаттагыдай эле борбордук эски аянтта өтүп, он миңдеген адамдар катышты. Намазга Кыргызстандын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев имамдык кылды.

Айт намазга Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов баштаган бийлик өкүлдөрү да катышып, мусулмандарды биримдикке үндөштү. Ал эми президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчы айт намазды Ысык-Ата районундагы Арашан айылында окуду. Буга чейин Атамбаев Орозо айт менен мусулмандарды куттуктап, бул майрамда мамлекетке ынтымак, тынчтык, береке, элибизге сабырдуулук, биримдик каалаган. Кыргызстанда Орозо айы 9 -июлда башталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG