Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Баткен: Сохту айланып өтчү жол пайдаланууга берилет


Баткенде Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтчү Бөжөй-Сөгөт-Бел жолунун курулушу аяктады. Ал 9-августтан тарта пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул жолдун курулушуна 30 миллион сомдой каражат жумшалган. Жол облустагы Бөжөй айылын Сох анклавын айланып өтүп, Кыргызстандын башка аймактары менен туташтырат.

Быйыл жыл башында Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Анда хушярлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча машинени талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Бул чырдын учурунда Сох анклавы аркылуу өтчү жол жабылып, Бөжөй айылдарынын тургундары башка аймактар менен байланыша албай калган.(JsA/BkA)

XS
SM
MD
LG