Линктер

дүйшөмбү, 27-февраль, 2017 Бишкек убактысы 14:53

БУУ: “ал-Каида” мурдагыдан алсыз, бирок дале коркунуч туудурат


Кечээ уюмдун эксперттер тобу бул боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын Коопсуздук кеңешине жолдогон. Анда атылгандай, террор уюмунун азыркы лидери Айман ал-Завахири өздөрүнүн Пакистандагы жетекчилигин кайра бекемдөө максатын ишке ашыра алган жок.

Ошентсе да, баяндамада айтылгандай, уюм менен туташ башка майда топтор “ал-Каиданын” чабуулдар тактикасын өздөрүнө ылайыкташтырып, азыр деле кандуу чабуулдарды жасаганга кудурети жетет.

“Ал-Каида” жана аны менен байланыштагы майда террористтик топтор азыр мурдагыдан алда канча чачыранды экени, аларды болгону террористтик идеологияга берилгендик гана байланыштырып турганы айтылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG