Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Үч айдын ичинде Сургутта төрт кыргыз жараны көз жумду


Быйыл май айынан бери Орусиянын Тюмень облусундагы Ханты-Мансийск автоном округунда түрдүү жагдайларда төрт кыргыз жараны каза болгон.

Сургут шаарындагы “Кыргызстан-Түндүк” коомдук уюмунун төрагасы Кубаныч Айдаров бүгүн “Азаттыкка” айтканына караганда, алардын бири жүрөгү кармап каза тапса, эки жаран сууга чөгүп өлгөн. Ал эми төртүнчү киши өзү Сургутта жашачу, 2-август күнү Омск шаарына барганда табышмактуу жагдайларда каза болгон.

Азыр көз жумган кишинин жакындары ал киши колдуу болсо керек деп жатышат.

"Тийиштүү органдар азыр бул кишинин кандай жагдайда каза болгонун иликтеп жатышат. Бирок башына бирөө катуу нерсе менен урганы даана көрүнүп турат. Май айынан бери бизде ушундай оор жоготуулар болду", - деди К. Айдаров. (TD)

XS
SM
MD
LG