Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Омск базарындагы рейдде кармалган 12 кыргыз жарандын ону бошотулду


Полиция кармалган мыйзамсыз мигранттарды Сибирдеги Красноярск шаарында автобуска жүктөп жатат, 7-август, 2013
Полиция кармалган мыйзамсыз мигранттарды Сибирдеги Красноярск шаарында автобуска жүктөп жатат, 7-август, 2013
Калган эки жаранды орус бийликтери жакын арада Кыргызстанга чыгарышат. Омскидеги кыргыз диаспорасынын төрагасы Аким Асанов бүгүн “Азаттыкка” сүйлөп жатып, кечээги рейдде жалпысынан ар кайсы өлкөлөрдөн 60тан ашуун мыйзамсыз мигрант шаардагы “Шанхайский” базарынан кармалышканын, алардын катарындагы кыргыз жарандарынын да баарынын документтеринин мөөнөтү өтүп кеткенин билдирди.

"Кыргызстандыктардын ичинен 10 кишини документтери начар болгонуна карабай, сүйлөшүүлөр менен кайра чыгарып алдык. Бир киши буга чейин Москвада да кармалып, административдик протокол түзүлгөн экен. Экинчиси буга чейин Омскиде административдик жоопкерчиликке тартылганын айтышты. Ошондуктан аларды чыгарууга такыр мүмкүн болбоду. Аларды эми Кыргызстанга чыгарып жиберишет", - деди Омскидеги кыргыз диаспора жетекчиси Аким Асанов.

Анын айтымында, Омскиде бул өңдүү масштабдуу рейд бир нече жылдан бери өткөрүлө элек болчу.

27-июлда Москванын "Матвеевск" базарында полиция менен белгисиз адамдардын ортосунда кагылыш чыгып, бир полициячы башынан катуу жаракат алгандан кийин өлкө боюнча ири базарларда мыйзамсыз мигранттарды кармоо рейддери өткөрүлө баштаган. (TD)

XS
SM
MD
LG