Кыргызстандын бул аймакты тейлеген Екатеринбургдагы консулдук кызматынын юристи Жамиля Жакыпова бүгүн “Азаттыкка” билдиргендей, адатта, рейдде тигил же бул өлкөнүн жараны кармалса, укук коргоо органдары үч сааттын ичинде ал өлкөнүн консулдук кызматтарына кабарлашы керек. “Соңку рейдде кыргыз жарандары кармалганы тууралуу кабар түшө элек”, - деди Жакыпова.
Шаардагы “Биримдик” деп аталган кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманованын айтымында, буга чейин апрелдеги рейдде өзбек улутундагы жети кыргызстандык жаран кармалганда полиция заматта кабарлаган.
27-июлда Москванын "Матвеевск" базарында полиция менен белгисиз адамдардын ортосунда кагылыш чыгып, бир полициячы башынан катуу жаракат алгандан кийин өлкө боюнча ири базарларда мыйзамсыз мигранттарды кармоо рейддери өткөрүлө баштаган. (TD)