Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Грузия беш жыл мурдагы согуштун курмандыктарын эскерүүдө


Грузия Түштүк Осетиянын айынан Орусия менен беш жыл мурда тутанган согуштун курмандыктарын эскерүүдө. Гори шаарында аскерий парад жана курмандыктарды эскерүүгө арналган түрдүү иш-чаралар өтүп жатат.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев бүгүн бул боюнча сүйлөп жатып, беш жыл мурда Орусия Түштүк Осетиядагы орус жарандарын коргош үчүн “туура иш кылган” деди.

2008-жылдын августундагы беш күндүк согуштун жыйынтыгында, Орусия Түштүк Осетиядан грузин аскерлерин сүрүп чыгарган, кийин бул республиканын жана Грузиянын дагы бир сепаратист региону Абхазиянын Тбилисиден көз карандысыздыгын расмий тааныган.

Кечээ Грузиянын президенти Михаил Саакашвили: “Москва менен Тбилисинин алакасы оңолушу мүмкүн эмес, анткени орустар басып алган жерлерден Грузия эч качан баш тартпайт”, - деди.

XS
SM
MD
LG