Линктер

шейшемби, 28-февраль, 2017 Бишкек убактысы 03:10

Пакистанда полиция тажиясындагы жардыруудан 30 адам өлдү


Полисмендер жарадар болгон кесиптештерин Кветтадагы ооруканага жеткиришүүдө, 8-август, 2013

Полисмендер жарадар болгон кесиптештерин Кветтадагы ооруканага жеткиришүүдө, 8-август, 2013

Балучистан провинциясынын борбору Кветтада бүгүн таң эртелеп өлтүрүлгөн полисменди жерге берүү маалында жанкечти өзүн жардырып жиберген. Окуяда кеминде 30 киши өлдү, 50дөн ашууну жаракат алды.

Курмандыктардын көбү полиция кызматкерлери экени, өлгөндөрдүн арасында Кветтанын полиция башчысы Фаяз Сумбал да болгону кабарланууда.

Чабуулду ким жасаганы азырынча белгисиз. Балучистан негизи талибдер жана башка сепаратисттик козголоңчу топтор көп катталган өлкөдөгү кооптуу аймак катары белгилүү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG