Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Москва полициясы шаардын Ясенево базарынан 260 кишини кармады


Алардын баары Кавказдан жана Борбор Азиядан келген мигранттар, арасында кыргызстандык жарандардын бар-жогу азырынча белгисиз. Рейд учурунда базардын аймагынан мыйзамсыз иштеп жаткан мейманкана табылган. Прокуратуранын көрсөтмөсү менен уруксаты жок орнотулган бардык соода күркөлөрү жабылып, бир бөлүгү жок кылынды.

Орусиянын акыйкатчысы Владимир Лукин кечээ Москванын Гольяново районундагы мигранттар лагеринде кармалып тургандар белгисиз оору менен ооруй баштаганын билдирди. Аталган лагерде 580 киши кармалып турат, алардын 560ы – вьетнамдыктар, төртөө кыргызстандык. Лагерде кармалып турган мигранттардын баары мекенине депортацияланат.

Кечээ Гольяново лагеринин жанында орус бийлигинин мигранттарга мамилесин айыптаган пикет болду. Он чакты киши “Мыйзамсыз адамдар болбойт” деп жазылган плакатты кармап, “Бүгүн мигранттар, эртең сиз”, “Чек арага да, депортацияга да жок” деп кыйкырышканын "Грани.ру" сайты жазды. Ошондой эле кечээ айрым активисттер Федералдык миграция кызматынын баш кеңсесинин алдында мигранттарга жасалып жаткан мамилеге нааразылыгын билдирип чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG