Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:33

Жарым жылда Кыргызстанга сырттан 792 млн. доллар которулган


Улуттук банктын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын беш айында чет мамлекеттерден Кыргызстанга которулган акчанын агымы 791,9 млн. долларды түздү. Мунун ичинен Орусиядан келген акчанын агымы өткөн жылкы ушул убакытка салыштырмалуу 15% көбөйүп, 773 млн. долларга жетти.

Улуттук банк АКШ, Германия жана Казакстандан которулган акчалардын агымы өткөн жылга караганда азайганын белгилейт. Мисалы, быйылкы беш айда Америкадан которулган акчанын суммасы өткөн жылга караганда дээрлик жарымына аз, Казакстандан которулган акча 27%, ал эми Германиядан 21% азайган.

Өткөн жылы Кыргызстанга сыртта жүргөн мигранттар которгон акчанын суммасы 2 млрд. доллардан ашкан. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG