Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Бишкекте кесиптик жарманке болот


Иш-чараны Республикалык жаштар биржасы уюштурууда. Жарманкеде жумуш издеп жүргөндөргө тогуз жүзгө жакын иш орундары сунушталат.

Биржадан алынган маалыматка ылайык, азыркы убакытта курулушта иштей турган жумушчулар көбүрөөк талап кылынууда. Андан тышкары жай мезгилинде коомдук тамактануу жайларынан да жумушчуларга көп суроо-талаптар түшөт. Ошондой эле жайында убактылуу иштеп, жаңы окуу жылына камсызданууну каалаган окуучу, студенттер иш издеп келишет.

Республикалык жаштар биржасы акыркы эки айдын ичинде 14-35 жаштардагы эки миңден ашуун кишини жумуш орду менен камсыз кылган. Кесиптик жарманке ар айдын тогузунда болуп турат. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG