Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 4 адам каза тапты


Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кырсык Түп-Кеген жолунда болгон. Катуу ылдамдык менен бараткан машине жолдон чыгып кетип, жол боюндагы бакты сүзгөн. Кырсыктан унаа ичиндеги эки адам жана эки бала каза тапты. Каза болгондор жубайлар жана алардын жээндери экени айтылууда.

Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугу башкармалыгынын маалыматында, быйыл жол кырсыктары былтыркыга караганда эки эсеге жакын көбөйгөн. Былтыр алты айда 2038 жол кырсыгы катталып, каза тапкандардын саны 370 адам болсо, быйыл ушул эле мезгил аралыгында 3017 кырсык катталды. Бул жылы жол кырсыгы 453 адамдын өмүрүн алды. (BkA)

XS
SM
MD
LG