Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Кен иштетүүнү лицензиялоо тартиби өзгөртүлүп жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Анын айтымында, баалуу металлдарга конкурс жана аукцион жолу менен гана лицензия берүү жагы каралып жатат.

- Кыргызстанда лицензия берүүнүн үч ыкмасы колдонулат: конкурс, аукцион жана түз сүйлөшүү. Мына ушул түз сүйлөшүү аркылуу лицензия берилген учурда коррупциялык аракеттер көп болуп келген экен. Ошондуктан биз баалуу металлдарга жалаң гана конкурс жана аукцион аркылуу лицензия берүүнү сунуштап жатабыз.

Зилалиев кошумчалагандай, агенттиктин лицензия берүү башкармалыгы реформаланганы жатат. Анын алкагында, бул башкармалыктын кеңселери видеокамералар менен жабдылып, лицензия берүү жараянына бардык каалоочулардын катышуусуна шарт түзүлмөкчү.

Кыргызстанда тоо-кен тармагы экономика үчүн өтө маанилүү тармак саналат. Бирок акыркы мезгилде бул тармактагы коррупциялык аракеттер жөнүндө көп айтылып, агенттикти буга чейин жетектеген төрт төрагага кылмыш иши козголгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG