Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Чүй ИИБинин алдында митинг өтүп жатат


Митингге 80ге жакын адам катышууда. Алар Жанарбек Төлбашиев аттуу жарандын суракка чакырылышына нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Митингге чыккандар Төлбашиевди БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун уулу Казат Абдраимов ур-токмокко алганын ырасташууда. Бирок бул мушташка күнөөлүү катары азырынча Жанарбек Төлбашиев суракка чакырылган.

Чүй облустук милициясы Төлбашиевдин суракка чакырылганын тасыкташты. Алар берген маалыматка ылайык, 4-августта Ысык-Атада Абдраимов менен Төлбашиевдин ортосунда чыр чыккан. Бул окуядан соң Абдраимов Төлбашиев баштаган 6-7 адам ага кол салганын айтып, облустук милицияга арыз жазган. Бирок ошол эле учурда Төлбашиев да бул мушташтан жабыркаганын айтып, Ысык-Ата райондук милицияга арыз менен кайрылган. Учурда облустук милиция бул ишти иликтеп жатканын маалымдады. (BkA)

XS
SM
MD
LG