Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Сохту айланып өтчү жол пайдаланууга берилди


Бүгүн Баткенде Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтчү Бөжөй-Сөгөт-Бел жолу пайдаланууга берилди. Ага облуста иш сапар менен жүргөн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев катышты. Маалыматка ылайык, бул жолдун курулушуна 30 миллион сомдой каражат жумшалган. Жол Сох анклавын айланып өтүп, облустагы Бөжөй айылын Кыргызстандын башка аймактары менен туташтырат.

Быйыл жыл башында Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Анда хушярлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча машинени талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Бул чырдын учурунда Сох анклавы аркылуу өтчү жол жабылып, Бөжөй айылынын тургундары башка аймактар менен байланыша албай калган.

Ошондой эле иш сапары учурунда Жантөрө Сатыбалдиев облустагы Көк-Талаа - Пүлгөн жолунун курулушун абалы менен таанышты. (JsA\BkA)

XS
SM
MD
LG