Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Орусияда мигранттар лагерин мыйзамдаштыруу айтылууда


Ушул күздө Мамлекеттик Дума Орусияда мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттары үчүн ачылган чатыр лагерди мыйзамдаштыруусу мүмкүн. Мамдуманын эмгек жана соцалдык саясат боюнча комитетинин башчысы Андрей Исаев «Известия» гезитине айтканына караганда, мыйзам долбоору жакынкы күндөрү даяр болот.
Мыйзамда «лагерь» деген сөз «убактылуу пункт» деген сөзгө алмаштырылат. Андан сырткары лагерде кармалгандар иштөөгө укуктуу болот.

Июль айынын этегинде Москванын базарлардан кармалган мыйзамсыз делген чет элдик мигранттар үчүн Гольяново районунда лагерь ачылган. Ушул тапта лагерде 600 киши кармалап, департациялоону күтүп жатат.

Укук коргоочулар болсо мындай лагерди түзүүнү мыйзамсыз деп, андагы шартка тынчсыздануу билдирүүдө. Москвада болсо жарандык активисттердин «мыйзамыз адамдар болбойт» деген акциясы өттү.

XS
SM
MD
LG