Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

Москва менен Петербургда мыйзамсыз жүргөндөр үчүн айып пул көбөйдү


Орусиянын эки ири шаарында бүгүнтөн тарта миграциялык мыйзамды бузуп жүргөндөр үчүн айып пул көбөйдү. Бул Москва жана Ленинград облустарына дагы тиешелүү. Эми эгер чет элдик жаран мыйзамды бузса, жети миң рубль айып пул салынып, өлкөдөн чыгарылат. Орусиянын башка аймактарында айып пул беш миң рубль бойдон. Буга чейин Орусиянын аймагында жүрүү эрежесин бузгандар жана андайларды ишке алгандар үчүн акчалай айып пул салынчу же өлкөдөн чыгарылчу. Мыйзамсыз мигранттарды ишке алган ишканалар жана жетекчилер үчүн дагы айып пулдун өлчөмү 70 миңден тарта миллион рублга чейин көбөйдү.

Мыйзамсыз миграцияга каршы чараларды катаалдаткан мыйзамды Мамлекеттик Дума кабыл алып, июль айынын башында Федерациялар Совети жактырган.

XS
SM
MD
LG