Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05

Ливанда түрктөрдүн эки учкучу уурдалды


Ливанда Turkish Airlines авиакомпаниясына тиешелүү учактын экипажы түшкөн автобус аэропорттон чыгып баратканда куралчандар кол салып, эки учкучту уурдап кетишти. Автобустагы башка жүргүнчүлөр жабыркаган жок. Азырынча кол салууну эч ким моюнга ала элек.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын бошотуу үчүн Ливандын бийликтери менен тыгыз иштешип жатканы маалымдалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG