Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Бостондогу жардыруу боюнча айыпталган эки казак жарандын соту болот


Казакстандын эки жараны, 19 жаштагы Диас Кадырбаев менен Азамат Тажаяковго расмий айып тагылганын Тажаяковдун адвокаты Аркадий Бух "Азаттыктын" казак кызматына айтты. Алар укук коргоо органдарына тоскоолдук жаратып, Бостон шаарындагы жардырууга тиешелүү буюмдарды жоготкон деген негизде айыпталууда.

15-апрелде Бостон шаарында марафон маалында болгон жардырууда үч киши набыт болуп, ондогон кишилер жараат алган. Кадырбаев менен Тажаяков жардырууну уюштурган деп шектелип, абакта отурган Жохара Царнаевдин коллежде бирге окуган теңтуштары болгон. Жардыруудан кийин эки казак жигит Царнаев жашаган бөлмөдөн жарылуучу заттар салынган баштыкты, компьютерди алып чыгып таштандыга ыргытышкан.

1-майда кармалган эки казакстандык жаран АКШнын федералдык абагында кармалууда. Алар күнөөсү далилденсе, 20 жылга чейин абакка кесилүүсү мүмкүн. Бала кезинде Токмок шаарынан кеткен Царнаевдердин кичүүсү Жохар абакта жатат, ал эми агасы Тамерлан болсо полиция менен атышууда жан берген.

XS
SM
MD
LG