Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:16

Жаңы “Кыргыз Эйрлайнс” авиакомпаниясы ишке кирет


Түркиялык “Атласжет” (Atlasjet) менен биргелешип түзүлгөн “Кыргыз Эйрлайнс” (Kyrgyz Airlines) авиакомпаниясы 9-сентябрда ишке кирет. Жарандык авиация департаментинин өкүлү Кайрат Итибаев жаңы авиакомпания Бишкектен Бээжинге, Москвага, Сеулга, Стамбулга, Улан-Баторго, Орусиянын башка ири шаарларына жана Ошко учаарын “Азаттыкка” билдирди.

“Кыргыз Эйрлайнстын” авиапаркында "Аэробус 321" жана "Аэробус 320" учактары бар. Июль айында авиакомпания кызматкерлерге сынак жарыялаган. “Кыргыз Эйрлайнс” Кыргызстанда быйыл түзүлгөн авиакомпаниялардын экинчиси. Ушул айдын башында ички каттамдарга адистешкен “Тез Жеттин” учактары алгачкы ирет асманга көтөрүлгөн. Андан тышкары Кыргызстанда беш ички каттам кайра калыбына келтирилген. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG