Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Жерүйдү сатыкка коюу боюнча жаңы комиссия түзүлүүдө


Таластагы Жерүй алтын кенин сатыкка коюу боюнча жаңы комиссия түзүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Анын айтымында, августтун аягына чейин бул комиссиянын курамы бекитилип, андан кенди сатыкка коюнун жаңы жоболору иштелип чыгат. Жаңы жободо кендин наркы, сатуу эрежелеринде өзгөртүлмөкчү.

Жерүйдү иштетүү боюнча буга чейинки жарыяланган сынак каалоочулар жок болгондуктан өтпөй калган. Анда анын наркы 300 миллион доллар деп бааланган эле.

Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG