Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

Ысык-Көлдө журналисттердин тобун машине коюп кетти


Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашкандай, кырсык Каракол-Балыкчы жолунун Тоң районунун аймагында болгон. Журналисттер “Ысык-Көл Гран-при” веложарышын чагылдырып жүрүшкөн.

Журналисттер жол четинде велоспортчуларды тасмага тартып жатканда катуу ылдамдыкта келаткан “Ауди” үлгүсүндөгү машине аларды коюп кеткен. Кырсыктан Бишкектеги ар кыл маалымат каражаттарынын беш кабарчысы жана эки жергиликтүү тургун жабыркады. Алардын арасынан “Де-факто” гезитинин кабарчысы оор абалда Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылганы айтылууда. Облустук милиция кырсыкка күнөөлүү делген айдоочу кармалганын кабарлады. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG