Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Москвада жеңил атлетикадан дүйнө чемпионаты башталды


Чемпионатка 206 өлкөдөн эки миңдей спортчу катышууда. Анда Кыргызстандын намысын эки спортчу коргоп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов билдирди.

10-августта марафондук таймашка Лондон олимпиадасынын катышуучусу, быйылкы Азия чемпионатында марафондук жарышта коло байге уткан Юлия Андреева катышат. Марафондук жарыш бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 4тө башталат. Ал эми 800 метрге чуркоо боюнча жарыштарга Илья Мухин катышканы турат.

Чемпионатка каалаган эле спортчу катыша албайт, ал үчүн тандоо турнирлеринен атайын талаптарды аткарып, анан жолдомого ээ болуу шарт.

Жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионаты 10-августтан 18- августка чейин Москвада өтөт. Баш байге фонду 7 млн. долларга барабар. Дүйнөлүк рекордду жаңырткан спортчуга 100 миң доллар сыйлык берилет. Мындан тышкары биринчи орунга 60 миң доллар, күмүш байгеге 30 миң, коло медалга 20 миң доллар сыйлыктар белгиленген. (КМа)

XS
SM
MD
LG