Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

Сирияда өкмөттүн аба соккусунан кеминде 20 кишинин өмүрү кыйылды


Окуя Латакия провинциясында болгонун Сирия оппозициясынын мониторинг тобу билдирүүдө.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм – Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын ырастоосунда, аба соккусу өткөн түнү калкынын басымдуу бөлүгүн суннит мусулмандар түзгөн Салма шаарчасына жасалган.

Бул шаарча өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан.

Ушу тапта Сириянын борбордук жана түштүк бөлүгү президент Асаддын көзөмөлүндө турат. Ал эми түндүк тарап козголоңчулардын колунда.

БУУнун эсебинде, Сириянын 28 айга аяк баскан жаңжаалында 100 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, 1,7 миллион сириялык өлкөдөн качкын катары кетүүгө аргасыз болду. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG