Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Кыргыз- кытай чек арачылары биргелешкен машыгуу өткөрөт


Антитеррордук багыттагы биргелешкен машыгуу 11-августа Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасында өткөрүлөрүн Чек ара кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Чек ара кызматы белгилегендей, “Торугарт” бекетинде өткөрүлүүчү машыгуунун максаты- чек ара коопсуздугун камсыздоодо өз ара карым-катнашты чыңдоо.

Машыгууга байкоочу катары Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Ирандын чек ара мекемелеринин, Шанхай кызматташтык уюмунун антитеррордук структурасынын өкүлдөрү чакырылган.

Кыргыз-кытай чек арачыларынын машыгууларына, расмий маалыматка караганда, учкучсуз башкарылуучу тик учак, брондолгон техника да тартылат.

Кыргызстан Кытай менен биргеликте буга чейин ШКУнун алкагындагы аскерий машыгууларга катышып келген. Ал эми чек арада чек арачылардын биргелешкен машыгуусу алгач ирет уюштурулуп жатат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG