Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Ирактын борборундагы жардыруулардан кеминде 40 кишинин өмүрү кыйылды


Ишемби күнү базарлардагы, кафе -ресторандардагы жардыруулар өлкө калкы Айт майрамын белгилеп жаткан учурда болду.

Майрамга тушташ өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн эле. Өзү ыйык Рамазан айы учурунда Иракта түрдүү кол салуулардан 670тей кишинин өмүрү кыйылган жана бул 2007-жылдан берки эң кандуу мезгил катары бааланып жатат.

Жалпысынан, ирак өкмөтүнүн эсебинде, июль айы ичи түрдүү кыянатчылыктардан каза тапкандар саны дээрлик 1000ге жетти.

Мындай жоготуу Иракта 2008-жылдын апрелинен бери катталган эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG