Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Бишкектеги мектептин спорттук залы күйүп кетти


Бүгүн таңга маал Бишкектеги 33-орто мектепте өрт чыкты. Шаар мэриясынын маалымат кызматы билдиргенине караганда, эртең менен саат алты чамасында чыккан өрттөн мектептин имаратынан өзүнчө турган спорттук зал күйүп кеткен. Окутуу бөлмөлөрү жабыркаган жок. Өрттүн жайылуусу толугу менен токтотулду.

Мэриянын маалыматында, мектеп өткөн жылы капиталдык ремонттон өтүп, спорттук зал салынган. Кырсыктын себеби илктенүүдө. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG