Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Журналисттерди койгон унаа боюнча иш козголо элек


Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти. Беш журналист жана эки велосипедченди коюп кеткен “Ауди” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалган. Азыр териштирүү жүрүп жатат.

Облустук милициянын маалымат кызматынин билдиришинче, адамдарды коюп кеткен машине үлпөт тойдун кортежине таандык. Веложарыштын марасында адамдар топтолуп турган жерге жүк ташуучу жана кортеждин биринчи машинеси келип токтогон. Алардын артынан келаткан “Ауди” токтой албай, унаалар менен кагышпоо үчүн жолдун чекесине буруп жиберген. Айдоочу мас эмес болгон деп айтылууда.

10-августта Балыкчы-Каракол жолунда веложарышты чагылдырганы барган беш журналистти жана жарышка катышкан эки жергиликтүүнү машине коюп кетти. Азыр журналисттердин бирөөсү Бишкектеги республикалык ооруканада, анын башы жарылган. Буту сынган жана башка ар кандай жараат алган калган журналисттер үйүндө дарыланып жатат. Жергиликтүү тургундар тууралуу маалымат жок. (AKu)

XS
SM
MD
LG