Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Бишкекте биринчи жолу велоарабада үйлөнүү үлпөтү өттү


Бишкекте агачкы ирет бүгүн үйлөнүп жаткан түгөй велоараба үстүндө сейилдешти. Алардын артынан велосипедчендер коштоду.

Велосипед сүйүүчүлөр үлпөттүк веложүрүш үй-бүлөлүк ден соолукка кам көрүү, экологиялык транспортту жана Кыргызстандагы тоо велоспортун жайылтуу максатын көздөп уюштурулганын билдиришти.

Чөйрөсүндөгүлөрдүн көбү велоспортчу болгон той ээлери бул - өзгөчө үйлөнүү үлпөтү катары эсте калаарын билдиришти. Үйлөнүп жаткан Рамис велосипедге чиркелген арабаны өзү жасаган.

Веложүрүш Байтик Баатыр менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинендеги “Жеңиш” сейил багынан башталып, "Бакыт өргөсүнө" келип токтоду. Аларды МАИ кызматкерлери коштоп келди. (КМа)

XS
SM
MD
LG