Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Аба ырайы: сел жүрүшү мүмкүн


12-августта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы:

12-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29 градус ысыйт. Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28 градус болот. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 27...32 градуска чейин көтөрүлөт. Баткенде түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31 градус, Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25 градуска жетет. Нарында түнкүсүн 12...17, күндүз 23...28 градуска чейин ысыйт.

Борбор калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 15...17, күндүз 26...28 градус болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG