Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Ооганстанда депутат аял уурдалды


Расмий өкүлдөрдүн айтымында, ооган парламентинин мүчөсү Фриба Ахмади Кахарди согушкер деп шектелгендер түштүктөгү Газни провинциясынан уурдап кетишкен. Окуя Кандагар - Кабул жолунда кечээ кечинде болгон. Депутат айым менен кошо анын эки баласы да уурдалган. Фриба Ахмади Кахар ооган парламентинин төмөнкү палатасында Кандагар шаарынын өкүлү катары саналчу.

Депутат айымдын уурдалышы үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG