Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Сноудендин атасы Орусияга виза алды


Лон Сноуден.
Лон Сноуден.
Лон Сноуден Эй-Би-Си телеканалынан сүйлөгөн учурунда, баласын көрүү үчүн Орусияга качан барарын айткан жок. Уулу үйүнө кайтышын кааларын, бирок өкмөт адамдарынын Эдвард Сноуденди эл алдында чыккынчы деп атап жатышканын эске алганда, уулунун үстүнөн адилет сот болот деп ойлобой турганын кошумчалады.

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин келишимдик негизде иштеген мурдагы кызматкери Сноуден мекенинде америкалык өкмөттүн интернетти жана телефон байланышын көзөмөлдөө боюнча глобалдык программасы тууралуу жашыруун маалыматтарды жарыялап жибергени үчүн айыпталууда.

Орусиянын жакында ага башпаанек бериши президент Обама Путин менен келерки айда Москвада мерчемделген жолугушуусун токтотушуна алып барган маселелердин бири болду. (UE)

XS
SM
MD
LG