Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:40

Веложарыштын уюштуруучулары МЖКККге кайрылышты


Алар мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматына кайрылып, үлпөт кербендерине көңүл буруусун талап кылышкан. Кайрылуу ээлери мындай кербендер тарабынан жолдо жүрүү эрежелери көп бузуларын, көчөлөрдө авариялык абалды арбын жаратышарын, өзгөчө жөө адамдарга жана велосипедчендерге чоң коркунуч келтиришерин белгилешкен.

Кайрылуу ээлери бардык коопсуздук эрежелери сакталганына карабай, ишембиде Каракол-Балыкчы жолундагы болгон кырсыкка терең тынчсыздануусун билдиришет.

Кырсык болгон учурда веложарышка түшкөндөрдү МАИ жана Тез жардам автоунаалары коштоп келе жаткан. Аларды марадан күтүп турган журналисттерди жана эки жергиликтүү тургунду үйлөнүү үлпөт кербенинде келе жаткан автоунаа коюп кеткен.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG