Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Премьер-министр: кен иштетүүнү саясатташтырып жиберишти


Кен иштетүүдөн экологияга зыян болот деген сөздөр жөн гана саясий оюндар деген пикирин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Айдаркен сымап комбинатынын жумушчулары менен болгон жолугушуусунда айтты. Премьер-министр сөзүнө далил кылып, элүү жылдан бери аталган аймакта сымап-сурма кендери казылып, иштетилип жатканын, мындан жергиликтүү аймак пайда гана көрбөсө, зыян тартпасын белгиледи. Сатыбалдиевдин маалыматы боюнча акыркы эки жылда Айдаркен сымап комбинаты 100 миллион сом карызынан толук кутулуп, ишкана экспортун көбөйтүп, киреше түшө баштаган.

Өкмөт башчы кен иштетүүдөн жаратылышка зыян болот деген ашыкча көбүртүлүп-жабыртылган маалымат, аны тоо-кен тармагын саясатташтырып жибергендер чыгарууда деп айтып, бирок кимдер экенин атаган жок.

Премьер-министр өткөн жумада Баткен облусунда иш сапар менен болуп, Сох анклавын айланып өтүүчү жолдун ачылышына катышкан, чек арадагы аймактардын жашоочулары менен жолуккан.

Акыркы жылдары Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында алтын жана башка кендерди иштетүүгө каршылык арбыды. Ысык-Көлдө, Таласта, Чаткалда, Баткенде жана Чоң-Алайда кен иштетүүгө каршы чыккандар кен казуу жаратылышты бузат деп билдирип келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG