Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

"Ал-Каида" Ирактагы жардырууларды өзүнө алды


"Ал-Каида" ишембиде Багдадда болгон жардыруулар өкмөттүн коопсуздук чараларына каршы жасаганын билдирди.

Орозо Айт күнү Иракта болгон жардыруулар кеминде 74 кишинин өмүрүн алды. Жардыруулардын көпчүлүгү базарларда, кафелерде, мечиттерде жана башка эл көп топтолгон жерлерде болду. Жекшембиде дагы он киши террорчулардын курмандыгы болду.

Жардыруулар бир жума мурун Багдадга жакын жердеги түрмөдөн согушчандар качып кеткенден кийин болууда.

XS
SM
MD
LG