Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Ибрагимбеков шайлоого чейин Азербайжанга барбайт


Азербайжан жазуучусу, Оскар сыйлыгынын лауреаты Рустам Ибрагимбеков биргелешкен оппозиция атынан президенткке талапкер көрсөтүлгөнүнө карабастан, өлкөдөн сыртта кала берет. Анын себебин 74 жаштагы жазуучу Бакыда камакка алыныш коркунучу жана Орусиянын жарандыгынан чыгуу жараянынын узактыгы менен түшүндүрдү.

Октябрда болчу шайлоодо Рустам Ибрагимбеков азыркы президент Илхам Алиев менен атаандашат. Анын Франс пресс агенттигине айтышынча, Азербайжандын Демократиялык күчтөрүнүн Улуттук кеңеши да ага ушундай масилет берген. Ибрагимбековдун сөзүнө караганда, ал Бакыга Москвадагы жумуштарын бүтүргөн соң барат. Атактуу кинодраматург мындай билдирүүнү Азербайжандын Демократиялык күчтөрүнүн Улуттук кеңешинин Тблисиде болгон жыйынынан кийин жасады.(AU)

XS
SM
MD
LG