Линктер

жекшемби, 22-январь, 2017 Бишкек убактысы 02:05

“Достук” чек ара бекети убактылуу жабылды


9-августтан бери Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырып турган «Достук» өткөрмө бекети жабык турат. Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, өзбек тарап алгач Орозо айтты майрамдоого байланыштуу, 12-августка чейин өткөрмө бекетти жапкан. Бүгүнтөн тарта Өзбекстанда 1-сентябрдагы Эгемендик майрамын белгилөөгө байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылганын эскерткен.

Аталган өткөрмө бекети 2011-жылдан бери Өзбекстан менен Кыргызстанды байланыштырган негизги өткөрүү жайы болуп эсептелет.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG