Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Ысык-Көл: жол эрежесин бузгандарга жазаны катаалдатуу сунушталууда


Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, облустук милициянын мындай демилгеси жол эрежесин бузган айдоочулардын көбөйгөнүнө байланыштуу көтөрүлүүдө. Сунушка ылайык, Кылмыш-жаза жана административдик кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилип, мас абалындагы, жол эрежесин бузган айдоочуларга жазаны катаалдатуу каралып жатат.

Облустук милициядан билдиришкендей, быйылкы жылдын 7 айында облуста 214 жол кырсыгы катталган. Андан 77 адам каза болду. Бул былтыркыга караганда 20 адамга көп. Өткөн айда Жети-Өгүздө ири жол кырсыгы катталып, 15 адам каза болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG