Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Президент Бишкек жана Оштун макамы тууралуу мыйзамдарды парламентке кайтарды


Президент Алмазбек Атамбаев “Ош шаарынын макамы ” жана “Бишкек шаарынын макамы” тууралуу мыйзамдар боюнча Жогорку Кеңешке каршы пикирин билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Анда президент жогорудагы мыйзамдарда Конституцияга жана башка мыйзамдарга дал келбеген бир катар беренелер бар экенин эскертип, депутаттардан кайрадан иштеп чыгууну суранды.

Жогорку Кеңеш “Ош шаарынын макамы ” жана “Бишкек шаарынын макамы” тууралуу мыйзамдарды 27-июнда кабыл алган. Аталган мыйзамдарга ылайык, буга чейин өлкөнүн ири шаарларынын мэриясынын, шаардык кеңешинин иши "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам менен аныкталып келсе, эми өзүнчө мыйзамдын негизинде башкарылат. Демилгечилер бул мыйзамдар мамлекеттик маанидеги ири шаарлардагы башкарууну жакшыртууга, ыйгарым укуктарды күчтөндүрүүгө багытталганын билдиришкен болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG