Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Баткенде кыргыз-тажик жарандары чырлашты


Чыр 11-августта кечке жуук Баткендин Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Мачаи айылынын тургундарынын ортосунда чыккан. Көкташтыктардын айтымына караганда, алар жайлоодон мал айдап түшүп келатканда коңшу өлкөнүн тургундарды таш ыргыткан. Мындан соң эки тарап бири-бирин таш менен уруп, натыйжада бир кыргыз жараны жараат алган. Анын абалы канааттандыраарлык.

Бул окуя боюнча учурда чек арадагы Ак-Сай айыл округ аймагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков Тажикстандын Исфара районунун жетекчилиги менен сүйлөшүп жатканын, жакынкы күндөрү эки тараптуу жолугушуу өтөрүн билдирди. Аким мындан сырткары сентябрь айынын акырына чейин, мал жайлоодон түшкөнчө чек аралаш аймактарда эки тараптын күч кызматтары жана чек арачылары биргелешип абалды көзөмөлдөө да каралганын кошумчалады. (JsA)

XS
SM
MD
LG