Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал тынч


Баткен районунун акими Сейитмурат Калыковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жакынкы күндөрү Тажикстандын Исфара районунун жетекчилиги менен чек ара маселеси тууралуу жолугушуу болот. Акимдин айтуусунда мал жайлоодон түшкөнчө чектеш аймактарда эки тараптын күч кызматтары жана чек арачылары биргелешип абалды көзөмөлдөө сүйлөшүлдү. Учурда Баткендин Көк-Таш айылы жайгашкан Ак-Сай айылдык бийлиги эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

11-августта кечке жуук Баткендин Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Мачаи айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Таш бараңдын натыйжасында Көк-Таш айлынын бир тургуну жаракат алган, азыр анын абалы канааттандыраарлык.

Баткен облусу бир жагынан Өзбекстан, бир жагынан Тажикстан менен чектешет. Аймакта чек арага байланыштуу чыр-чатактар быйылкы жылы күч алганы байкалууда.(JsA/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG