Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Египетте полициянын операциясы жылдырылды


Мурдараак бийлик Каирдин эки жеринде Мурсини колдоп нааразылыкка чыккандар күч менен таратыларын билдирген эле. Бирок атын атагысы келбеген чиновниктин айтуусунда, полициянын билдирүүсүнөн кийин нааразылыкка кошулгандардын саны көбөйүп кеткенине байланыштуу операция жылдырылган.
Батыш жана Араб өлкөлөрүнүн Египеттеги өкүлчүлүктөрү каршылашкан тараптарды маселени тынч жол менен чечүүгө үндөшүүдө. АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Марие Харф 12-августта журналисттерге:

- Египет бийлигине биз бир нече жолу түшүндүрдүк, адамдар тынч чогулууга укуктуу. Биз нааразылык акцияларын жана ага каршы өкмөттүк күчтөрдүн аракетин көрүп жатабыз, бирок күч колдонуу тараптардын маселени тынч отуруп сүйлөшүүсүнө алып келбейт, - деп билдирди.

Мурунку президент Мухаммед Мурси армия тарабынан бийликтен кулатылгандан берки ички кагылышууларда 300 чамалуу киши набыт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG