Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Москвадагы чатыр лагерде кыргызстандык жарандар жок


Москвадагы мигранттардын чатыр лагеринде кармалып турган төрт кыргызстандык башка жакка которулду. Алар Кыргызстанга депортация болгонго чейин Москва шаардык ИИБнын чет өлкөлүк жарандарды кармоочу борборунда болушат. “Азаттыкка” кыргыз элчилигинен маалымдашкандай, мигранттардын чатыр лагеринде башка кыргызстандык жарандар жок.

Ошол эле учурда чет өлкөлүк жарандарды кармоочу борбордо июнь-июль айларында кармалып, мекенине депортация күтүп жатышкан кыргызстандык 12 жаран бар, анын жетөө аял. Алардын тиешелүү документтери жоктугуна байланыштуу мекенине кайтаруу маселеси иштелип жатат.
Жыл башынан бери Москва шаары жана облусунан Кыргызстанга 243 жаран депортацияланган.

Орусия бийлиги тарабынан июль айынын аягынан бери мыйзамсыз мигранттарды аныктоо рейддери жүргүзүлүүдө. Башында Москва жана Санкт-Петербург шаарларынан башталган иш-чара аймактарда өттү. 11-август күнү Перм облусунда мындай рейддин натыйжасында жергиликтүү базарлардан 400 келгин кармалып, алардын ичинен он бирине карата протокол түзүлгөн. Ошол эле күнү Тюменде 800 мигрант кармалып, 60тан ашуунуна иш козголгон.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG