Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:11

Орусияда эки кыргызстандык пара бергени үчүн кармалды


Тува республикасынын Кызыл шаардык соту эки кыргызстандык жаранды Федералдык миграция кызматкерлерине пара сунуштаганы үчүн камакка алуу чечимин чыгарды. Жергиликтүү маалымат каражаттары кыргызстандыктар миграция кызматкерин полиция жана башка күч органдары тарабынан текшерүүдө калкалап берүү өтүнүчү менен сатып алууга аракеттенишкен деп жазып чыгышты.
Бул маалыматты жана пара сунуштады деп айыпталып жаткан кыргызстандык жарандардын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатканын Орусиядагы кыргыз элчилигинен “Азаттыкка” кабарлашты.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG