Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

“Альфа Телеком” жана “Дастан” заводунун баасы аныкталат


Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Альфа Телеком” ишканасынын 49 пайыздык мамлекетке караштуу үлүшүн, “Дастан” заводунун 98 пайыздык үлүшүн жана “Манас” аэропортунун кичи терминалынын баасын аныктоо боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты. Маалыматка ылайык, тендердин катышуучуларын 6-сентябрга чейин каттоо жүрмөкчү. Бул ишканалардын мамлекеттик үлүшүн сатууга Жогорку Кеңеш 27-июнда макулдук берген.

"Дастан" заводу Советтер союзу мезгилинде түптөлүп, азыркы кезге чейин иштеп жаткан бирден-бир завод. Анда “Шквал” аттуу торпедо чыгарылат. Ал эми “Мегаком” деген ат менен белгилүү “Альфа Телеком” уюлдук компаниясынын 49 пайыздык үлүшү 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң улутташтырылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG