Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Ошто барактыктар нааразылык акциясына чыгышты


Бүгүн Ош облустук акимиятынын алдында Өзбекстандагы Барак эксклавынын 30 чакты тургуну нааразылык акциясына чыкты. Алар буга чейин өкмөт берген убадалардын аткарылбаганына нааразы болушууда. Барактын тургуну Алмаз Каримовдун “Азаттыкка” айтышынча, буга чейин облустук бийлик аларга үй салуу үчүн Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагынан жер бөлүп берүүнү убада кылган. Бирок убада аткарылган жок:

- Жер берилет деп барактыктардын көпчүлүгү Ошко, Кара-Сууга келип алганбыз. Алар туугандардыкында, ар кайсы жерде түнөп эле жүрүшөт. Машинеге түнөп жүргөндөр да бар. Бирок жер берилбей, кечеңдеп эле жатат. Айрыкча жаан-чачын болгондо эл аябай эле кыйналууда. Ошон үчүн өкмөттөн жер берүүнү тездетүүнү талап кылабыз-деди Каримов.

Азырынча барактыктар менен облус бийлик өкүлдөрүнөн эч ким жолуга элек.

Өзбекстандын ичиндеги Барак эксклавында 153 түтүн жашайт, анда миңге чукул адам бар. Барактыктар күн өткөн сайын Кыргызстанга кирип-чыгуу кыйындап баратканын айтышып, көчүрүп кетүү өтүнүчү менен президентке, өкмөт башчыга жана ЖК төрагасына бир нече ирет кайрылышкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG