Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

"Шпион" Мэннинг Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүлдү


Кошмо Штаттардын адам укугун коргоочу уюмдары америкалык жоокер Брэдли Мэннингди Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүштү. Мэннинг Викиликсте жашыруун документтерди жарыялап, шпиондук кылган деген күнөө менен 2010-жылы камакка алынган. Ал 90 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

RootsAction группасы 100 миңден ашуун адамдын колу коюлган кайрылууну дүйшөмбү күнү Ослодо Нобел комитетине тапшырды. Топтун негиздөөчүсү Норман Соломондун айтымында, Брэдли Мэннинг жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарып, Ирак согушун кыскартканга салым кошкон. Анын оюнча, Нобел комитети Мэннингге сыйлыкты ыйгаруу менен Барак Обама 2009-жылы президенттик кызматты бир нече ай аткаргандан кийин сыйлык бергенде жоготкон аброюн кайра калыбына келтирет.

2013-жылы Нобелдин тынчтык сыйлыгына Мэннингди кошкондо 259 адам көрсөтүлгөн. Жаңы лауреат 11-октябрда жарыяланат.

XS
SM
MD
LG