Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Москва: Мэрге талапкерлердин телеэрөөлү башталды


Бүгүн мэрликке ат салышчу беш талапкер биринчи теледебатты өткөрүштү. Алтынчы талапкер - азыркы мэр Сергей Собянин телеэрөөлгө катышпады. Оппозициячыл талапкер Сергей Навальный коррупцияга каршы күрөшкө көңүл буруп, ордо калаанын инфраструктурасына тиешелүү чоң долбоорлор президент Путиндин досторуна берилгенин айтты. Ал Москвада мигранттар толуп кеткенине токтолуп, кавказдык жана орто азиялыктар үчүн виза режимин киргизем деп убада кылды. “Адилеттүү Орусия” партиясынан талапкер Николай Левичев Москвада автомобиль койчу жайлардын акысын 50 рублден (1 доллар 50 центке жакын) 20 рублге ылдыйлатам деп сөз берди. 8-сентябрда болчу шайлоого чейин мэрге талапкерлер 11 жолу телеэрөөлгө чыгышат.
XS
SM
MD
LG