Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Бишкекте Орусиянын миграция саясатына каршы акция болот


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Орусия элчилигинин алдына пикетке чыкмакчы. Укук коргоочунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, пикетке башка жарандык уюмдардан да кошулуусу мүмкүн. Пикет “Мигрант –эмгекчил адам”, “Мигранттар үчүн лагерь –аң-сезимсиз коомдун белгиси” жана башка жазуулар жазылган плакаттар менен коштолот.

27-июлда Москванын Матвеевск базарында полицияга кол салуу болгондон бери орус бийлиги мигранттарга мамилесин катаалдантып, бир катар рейддерди жүргүзүүдө. Мыйзамсыз жүргөн келгиндер мекенине депортацияланууга чейин атайын чатыр лагерлерде кармалып турушат. Алардын катарында кыргызстандык төрт жаран да кармалып, чатыр лагерде бир нече күн жашагандан кийин Москва шаардык ИИБнын чет элдиктерди убактылуу кармоочу борборуна которулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG